Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 85
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети пландан ашыкча аткарылгандыктан сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилеринин жалпы чыгымдарына 479,0 миң сомду кызмат көрсөтүү жана түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына бекитилип берилсин.
2.Калкка социалдык жактан жардам көрсөтүүгө, МСУнун мүчөлүк акысына жана көмүр сатып алууга 221,0 сом бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова