Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 88
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жыл ичинде аткарылган иштеринин отчётун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун 2022-жыл ичинде аткарылган иштерин аткарган иштери жөнүндө отчётун бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун 2022-жыл ичинде аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова