Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 89
Жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январы №3 сандуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы Ж.Шадиманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаттары Жапар уулу Айбек, Сапаров Тажибай Жусупбекович дана Исаков Айбек Абдурашидовичтин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыктан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жагы аймактык шайлоо комиссиясынан сунушталсын.
2. Кара-Бак айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаттары Марахимов Таирбек, Абдисаламова Кансулуу, Каримов Болот, Надирова Мастура, Суюнов Мамарасул, Алтынбек уулу Адилеттерге эскертүү берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова