Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20 январы № 4
“Өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу үчүн сметаларды бекитүү жөнүндө”
Айыл аймагынын башчысы М.О. Джолдошевдин 2022-жылга карата айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык өнүгүү планына жана “”Трактор 82.1” айыл чарба техникаларын сатып алуу” зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, айыл кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
“”Трактор 82.1” Айыл чарба техникаларын сатып алуу” Өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча сметалык наркы 1 800 000 ( Бир миллион сегиз жүз миң) сом бекитилсин.
-50% - 900 000 (тогуз жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен
1. 900 000 (тогуз жүз миң) сом өздүк салым бекитилсин.
2. Долбоор айыл аймагынын башчысы тарабынан жактырылгандан кийин керектүү акча каражаттарын бөлүп берүү.
Төрага | С.М. Жандарбеков |