Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 10-июну № 01-6/05
“Төш-Булак айыл өкмөтүнүн № 273 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,76 га жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан кичи-ГЭСти куруу үчүн “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”
« Impex Trade » ЖЧКсынын 09.06.2022-жылдагы № 06 \ 09-8 катынын, «Кыргызгипрозем» МИнин 10.06.2022-жылдагы № А-303 катынын негизинде, ошондой эле Төш- Булак айыл өкмөтүнүн өнүгүү максатында
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн №273` контурда жайгашкан жалпы аянты 0,76 га жер тилкени "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан кичи-ГЭСти куруу үчүн "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тош-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев бул токтомду аткаруу максатында чечим даярдасын жана жерге жайгаштыруу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберсин.
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Жандарбеков С.М. |