Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-майы № 212
Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) тиешелүү аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине беришсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги топторго киргизилген аймактардын, Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилген уюмдардын тизмесин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-майы № 212
Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336, 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 658 "Аймактарды топторго, уюмдарды - жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлерди бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготту)