Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-августу № 01-6/12
“Түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ыйгарым укуктары боюнча протоколдор сунуштаманын негизинде түзүлүшү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө 2021-жылдын 28-октябры №128 Кодексинин 451 беренесине ылайык:
Төш-Булак айыл өкмөтүнүн Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө 2021-жылдын 28-октябры №128 Кодексинде каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссия түзүлсүн:
- Комиссиянын төрагасы –Саманчиев Р.С. – жайыт комитетинин төрагасы;
- мүчөсү – Мураталиева Р.К. – айылдык Кеңештин депутаты
- мүчөсү - Солтонбеков Н.А. - айылдык Кеңештин депутаты
- мүчөсү – Изатбеков А.А. - айылдык Кеңештин депутаты.
-- мүчөсү – Борбиев Р.А. – аксакалдар сотунун төрагасы
- мүчөсү – Алтыкеев Х.А. – жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис
- мүчөсү – Сыдыгалиева Н.З. – социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адис;
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Р.К. Мураталиева |