Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-августу № 01-6/14
“Жалпы аянты 1,0 га жерди чакан ГЭСтерди куруу үчүн Төш-Булак айыл өкмөтүнүн 91-контурунда жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан" Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө.”
"Гидро Энерго Инвест" ЖЧКсынын 09.08.2022-жылдагы №24-1 катынын, "Кыргызгипрозем" МИнин 30.05.2022-жылдагы № 01-9/820 катынын негизинде, ошондой эле Тош-Булак айыл өкмөтүн өнүктүрүү максатында
Токтом кылат:
1. Тош-Булак айыл өкмөтүнүн 91 контурунда жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына кичи ГЭС курууга жалпы аянты 1,0 га жер участогун которууга макулдук берилсин.
2. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге бул токтомду аткаруу үчүн чечим даярдасын жана жерге жайгаштыруу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Мураталиева Р.К. |