Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-августу № 01-6/15
“Аткаруу мезгилинде райондук аскер комиссариатына МРЧЖП (мобилизациялык ресурстарды чогултуу, жөнөтүү пункту) аскерге милдеттүүлөрдү жана техникаларды чогултуу жана жөнөтүү, кабарлоо штабын түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө техника жеткирүүчү аскерге милдеттүүлөргө, менчигинин түрүнө, чарба жүргүзүү шарттарына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине кабарлоо жана аларды райондук аскердик комиссариатына МРЧЖП (мобилизациялык ресурстарды чогултуу, жөнөтүү пунктуна) жөнөтүү боюнча аткаруу мезгилинде иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында:
Токтом кылат:
1. Тош-Булак айыл аймагынын базасында кабарлоо штабын түзүү
2. Айылдык аймактын жанында жашаган, телефондору бар жана райондук аскер комиссариатынын планы боюнча катталбаган аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызмат катары пайдалануу үчүн тандоо жүргүзүү:
· Бир адамды айыл аймагынын аппаратына кабарлоо үчүн жөнөтү:
· Аскерге милдеттүүлөргө жана авто чарбалардын жетекчилерине кабарлоо үчүн алыскы айылдарга ыйгарым укуктуу 1 адам:
· Аскерге милдеттүүлөргө жана техника берүүчү авто чарбалардын, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине кабарлоо үчүн 3 адамдан турган кабарчылар:
· Райондук Аскер комиссариатына МРЧЖП (мобилизациялык ресурстарды чогултуу, жөнөтүү пунктуна) аскерге милдеттүүлөрдү жана техниканы жеткирүү үчүн 1 адам коштоп жүрүүчү:
3. Аткаруу мезгилинде иш-чараларды аткаруу үчүн участкалык инспекторлорду, Р. Кулданов атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларын, ФАПтын кызматкерлерин тартуу.
4. Аскердик каттоо столунун инспектору аткаруу мезгилине карата документтерди дайыма камтыйт жана тактайт.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын жооптуу катчысына жүктөлсүн
Төраганын орун басары | Р.К. Мураталиева |