Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтомуна) |
Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүүнү аныктайт.
2. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү мамлекеттик, коргоо маанисине жараша Жарандык коргонуу иш-чараларын комплекстүү жана дифференциалдуу жүргүзүү жана калктын жашоо - тиричилигин камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
3. Облустар, шаарлар үчүн Жарандык коргонуу боюнча аткарылуучу милдеттердин көлөмүнө жараша төмөнкү топтор аныкталат: өзгөчө, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Аймактарды топторго киргизүү төмөнкү критерийлер боюнча белгиленет:
1) өзгөчө топко Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары кирет;
2) биринчи топко облустардын жана шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 500 миң адам жана андан көп, аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы экиден кем эмес уюм же 25тен көп категорияланган уюм жайгашкан;
- болушу мүмкүн болгон трансчек аралык же республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаалдар аймагына калктын 50 пайыздан көбү же шаардын аймагы туш келген;
3) экинчи топко облустардын, шаарлардын төмөнкүдөй аймактары кирет:
- калкынын саны 250 миңден 500 миң адамга чейинки, аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы бирден кем эмес уюм же 10дон ашуун категорияланган уюм жайгашкан;
- болушу мүмкүн болгон трансчек аралык же республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаалдар аймагына калктын 30 пайыздан 50 пайызга чейинкиси же шаардын аймагы туш келген;
4) үчүнчү топко облустардын, шаарлардын төмөнкүдөй аймактары кирет:
- калкынын саны 10 миңден 250 миң адамга чейинки, аймагында категорияланган бирден көп уюм жайгашкан;
- болушу мүмкүн болгон трансчек аралык же республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаалдар аймагына калктын 30 пайыздан азы же шаардын аймагы туш келген.
4. Болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын потенциалдуу коркунучуна, социалдык-экономикалык натыйжаларынын масштабына жараша уюмдар үчүн Жарандык коргонуу боюнча төмөнкүдөй категориялар аныкталат: өзгөчө маанилүү, категорияланган.
Уюмдарды категорияларга киргизүү төмөнкүдөй критерийлер боюнча белгиленет:
1) өзгөчө маанилүү уюмдарга аймагында иштөөсү бузулса улуттук коопсуздукка коркунуч жаралуучу жана өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыгуучу стратегиялык объекттер жайгашкан уюмдар кирет;
2) категорияланган уюмдарга иштөөсү бузулса олуттуу социалдык-экономикалык натыйжаларга, республикалык жана жергиликтүү масштабдагы өзгөчө кырдаалдын келип чыгуусуна алып келиши мүмкүн болгон уюмдар кирет:
- өзгөчө маанилүү мамлекеттик объектилер;
- өнөр жайдын, транспорттук-коммуникациялык комплекстин, энергетиканын, байланыштын кооптуу өндүрүштүк объекттери бар иштеп жаткан, курулуп жаткан, реконструкцияланып жаткан жана долбоорлонуп жаткан уюмдары жана мамлекеттик, экономикалык маанидеги маанилүү уюмдар;
- ууларды өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сатып алуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана жок кылуу менен иштеген уюмдар;
- аймагында жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттер жайгашкан уюмдар.
5. Уюмдар Жарандык коргонуу боюнча категорияга киргизилген уюм менен бир өндүрүштүк аймакта жайгашып калган учурда, ал дагы ошол категорияга теңештирилет.
6. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиешелүү аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан даярдалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынан башка) аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт жана ушул сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиешелүү аппараттарына киргизишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары (шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген материалдардын негизинде), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын сунуштарын жалпылайт жана аймактарды Жарандык коргонуу боюнча топторго, уюмдарды – категорияларга киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтомуна) |
Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336, 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Тартип аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүүнү аныктайт.
2. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү мамлекеттик, коргоо маанисине жараша Жарандык коргонуу иш-чараларын комплекстүү жана дифференциалдуу жүргүзүү жана калктын жашоо - тиричилигин камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
3. Жарандык коргонуу боюнча аткарылуучу милдеттердин көлөмүнө жараша шаарлар үчүн төмөнкүдөй категориялоо топтору аныкталат: өзгөчө, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Аймактарды категориялоо топторуна киргизүү төмөнкүдөй критерийлер боюнча белгиленет:
1) категориялоонун өзгөчө тобуна Бишкек жана Ош шаарлары кирет;
2) категориялоонун биринчи тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 50 миң адам жана андан көп же болбосо аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы экиден кем эмес уюм же 10дон көп категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же болбосо аймагынын 50 пайыздан ашыгы трансчек аралык же республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе;
3) категориялоонун экинчи тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 50 миң адамга чейин же болбосо аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы бирден кем эмес уюм же 5тен көп категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же аймагынын 30дан 50 пайызга чейинкиси трансчек аралык же болбосо республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе;
4) категориялоонун үчүнчү тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 30 миң адамга чейин же болбосо аймагында бирден ашык категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же болбосо аймагынын 30 пайыздан азы трансчек аралык же республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын потенциалдуу коркунучуна, социалдык-экономикалык натыйжаларынын масштабына жараша уюмдар үчүн Жарандык коргонуу боюнча төмөнкүдөй категориялар аныкталат: өзгөчө маанилүү, категорияланган.
Уюмдарды категорияларга киргизүү төмөнкүдөй критерийлер боюнча белгиленет:
1) өзгөчө маанилүү уюмдарга аймагында иштөөсү бузулса улуттук коопсуздукка коркунуч жаралуучу жана өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыгуучу стратегиялык объекттер жайгашкан уюмдар кирет;
2) категорияланган уюмдарга иштөөсү бузулса олуттуу социалдык-экономикалык натыйжаларга, республикалык жана жергиликтүү масштабдагы өзгөчө кырдаалдын келип чыгуусуна алып келиши мүмкүн болгон уюмдар кирет:
- өзгөчө маанилүү мамлекеттик объектилер;
- өнөр жайдын, транспорттук-коммуникациялык комплекстин, энергетиканын, байланыштын кооптуу өндүрүштүк объекттери бар иштеп жаткан, курулуп жаткан, реконструкцияланып жаткан жана долбоорлонуп жаткан уюмдары жана мамлекеттик, экономикалык маанидеги маанилүү уюмдар;
- ууларды өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сатып алуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана жок кылуу менен иштеген уюмдар;
- аймагында жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттер жайгашкан уюмдар.
5. Уюмдар Жарандык коргонуу боюнча категорияга киргизилген уюм менен бир өндүрүштүк аймакта жайгашып калган учурда, ал дагы ошол категорияга теңештирилет.
6. Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиешелүү аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан даярдалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары категориялоо топторуна кирген аймактардын жана Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирген уюмдардын тизмектерин даярдайт жана бекитилген тизмектерди Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиешелүү аппараттарына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары (жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары берген материалдардын негизинде) жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары категориялоо топторуна кирген аймактардын жана Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирген уюмдардын тизмектерин даярдайт жана бекитилген тизмектерди макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары тарабынан берилген аймактарды категориялоо топторуна, уюмдарды Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүүнү караган тизмектерди макулдашат жана аларды Категориялоо топторуна кирген аймактардын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу боюнча категорияларга кирген уюмдардын реестрине киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 141 токтомунун редакциясына ылайык)