Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 01-6/22
“ АЖМФ жерлерине тоорук жана сынак өткөрүү үчүн Ижара акысынын өлчөмүн, тооруктун “арышынын” өлчөмүн жана кепилдик төлөмдүн өлчөмүн бекитүү тууралуу 2022-жылдын 11-октябрында №3 Жер комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө”
АЖМФ жерлерине тоорук жана сынак өткөрүү үчүн Ижара акысынын өлчөмүн, тооруктун “арышынын” өлчөмүн жана кепилдик төлөмдүн өлчөмүн бекитүү тууралуу 2022-жылдын 11-октябрында №3 Жер комиссиясынын протоколун карап чыгып жана 2007-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 Токтому менен бекитилген Типтүү Жобонун 23-пунктунун негизинде, Төш-Булак айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. АЖМФ жерлерине тоорук жана сынак өткөрүү үчүн ижара акысынын өлчөмүн, тооруктун “арышынын” өлчөмүн жана кепилдик төлөмдүн өлчөмүн бекитүү тууралуу 2022-жылдын 11-октябрында №3 Жер комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. АЖМФ жерлеринин баштапкы ижара акысынын өлчөмү Айыл Өкмөтү үчүн 1 (бир) га сугат айдоо үчүн 407*15=6105 сом эсеп менен жана 1 (бир) га кайрак айдоо үчүн 67,2*30=2016 сом эсеп менен бекитилсин.
3. АЖМФ жерлерине тоорук өткөрүү үчүн тооруктун “арышынын” өлчөмү сугат айдоого 610 сом жана кайрак айдоого 201 сом бекитилсин.
4. АЖМФ жерлерине тоорук өткөрүү үчүн лоттору узундугунан чыгыштан батышка бекитилсин.
5. АЖМФ жерлерине тоорук өткөрүү үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү 15%, сынак өткөрүү үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү 10% бекитилсин.
6. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев тиешелүү документтерди даярдасын жана аларды Сокулук райондук Мамлекеттик администрациясына макулдашууга жөнөтсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Мураталиева Р.К. |