Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 01-6/23
“АЖМФ жерлеринин пайдалануунун келечек планын бекитүү жана лотторду түзүү тууралуу 2022-жылдын 22-октябрында №4 Жер комиссиясынын протоколун бекитүү”
АЖМФ жерлеринин пайдалануунун келечек планын жана 2022-жылдын 22-октябрында №4 Жер комиссиясынын протоколун карап чыгып, Төш-Булак айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. АЖМФ жерлеринин пайдалануунун келечек планы бекитилсин.
2. АЖМФ жерлеринин №19,27,6,144 контурларында жайгашкан жана түзүлгөн 17 лоттор, аянты 4,8 га – 16 га чейин бекитилсин.
3. Төш-Булак айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга экономикалык жактан кызыктырган жерлердин зонасынан берүү үчүн АЖМФ жерлеринен №19 контурунда жайгашкан 13 (он үч) га сугат айдоо бекитилсин. Жалпы аянты Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин бардык жеринин 20 процентинен ашпасын.
4. АЖМФ жерлеринин пайдалануунун келечек планын бекитүү жана лотторду түзүү тууралуу 2022-жылдын 22-октябрында №4 Жер комиссиясынын протоколу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Мураталиева Р.К. |