Загрузка документа…
ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-декабры № 01-6/27-2
“Сметаны бекитүү жана каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө”
2023-жылга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы жөнүндө жана “Төш-Булак айылында клубду капиталдык оңдоого жана аймакты көрктөндүрүүгө” зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айыл кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. 3 346 082 (үч миллион үч жүз кырк алты миң сексен эки) сом сметалык наркы менен Дем берүүчүү (үлүштүк) грантынын “Төш-Булак айылында клубду капиталдык оңдоого жана аймакты көрктөндүрүүгө” долбоорунун бюджети бекитилсин.
2. Жалпы долбоордун наркынан 21,21% б.а. 710000 (жети жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бекитилсин.
3. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө Жалпы долбоордун наркынан 21,21% б.а. 710000 (жети жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары ДҮГ катышуу үчүн киргизсин.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) грант жактырылгандан кийин Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жумашалиев А.К. керектүү акча каражаттарын бөлүп берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Жандарбеков С.М. |