Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15 ноябры № 19
Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Достук айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине ѳзгѳртүү киргизүү максатында Достук айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Сейдилдаев Максатбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVIII чакырылышындагы ХIV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл аймагынын Жылдыз бала бакчасына атайын каражатка 46500 (кырк алты мин беш жүз) сом (толом коду 14232400) кошумча план бекитип берүү суралсын.
2. Атайын каражатка кошумча план бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл аймагынын башчысы М.Сейдилдаевге жана айыл аймагынын финансы бѳлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрайым | Б. Осмонова |