Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX Сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 2
Алты-Адыр участкасынын аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, калкты жеке менчик турак-жай менен камсыздоо максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасынын №651 -контурундагы 92,9 га, № 654-контурундагы 57,3 га, №655-контурундагы 86,9 га жер аянттары таштуу жайыт жерлер жана №652контурундагы 2,7 га, № 65З-контурундагы 4,7 га, № 656-контурундагы 16,5 га жер аянттары чополуу жайыт жерлер, жалпы аянты 261,0 га жер аянты жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова