Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-августундагы № 484 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги түшүнүктөр
1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- өрт коопсуздугу - укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны өчүрүүгө багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысы;
- өрт коопсуздугунун талаптары - өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында белгиленген социалдык жана/же техникалык мүнөздөгү атайын шарттар;
- өрт коопсуздугунун чаралары - юридикалык же жеке жактардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруу боюнча аракеттери;
- өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу - жеке же юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы;
- мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жазма эскертүүсү - юридикалык же жеке жактар тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү болгон, өрттү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспектордун өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды жоюу боюнча иш-чараларды, анын ичинде курулуп жаткан ишканалардын, коргоо объекттеринин, товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өрт коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын камтыган жазуу жүзүндөгү буйругу;
- өрт көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспектор - "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамы.
2. Жалпы жоболор
2. Мамлекеттик өрт көзөмөлү - жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошондой эле менчиктин баардык түрүндөгү мүлктү өрттөн коргоо максатында ишке ашырылуучу мамлекеттик көзөмөлдөө ишинин атайын түрү.
3. Өрткө каршы мамлекеттик профилактика - өрттүн жайылып кетишин токтотууга жана чыгуу себептерин жоюуга, адамдарды жана мүлктү коопсуз жайга ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү, өрттү убагында табууга жана тез арада адамдарды кабарлоого багытталган иш-чаралардын комплекси.
4. Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылат.
5. Кыргыз Республикасында өрткө каршы мамлекеттик профилактика өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылат.
6. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн өз функцияларын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында ведомстволук таандыгына жана менчиктин түрүнө карабастан, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда аткарышат.
Өз функцияларын аткарууда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ушул Жобону, ведомстволук буйруктарды жана башка укуктук ченемдик актыларды жетекчиликке алышат.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик мекемелер мамлекеттик өрт көзөмөлүн жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика иштерин өз карамагындагы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан токой жана тоо массивдеринде, улуттук коопсуздук, коргоо, жаза-аткаруу системасы, мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо, токой жана аңчылык чарбаларын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын объекттеринде, жер алдындагы шахталарда, тоо-кендик иштетүүлөрдө жана башка жер астындагы курулмаларда, темир жол объекттеринде, чет өлкөлөрдүн консулдук жана дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана эл аралык уюмдарда, турак жай фондунда ишке ашырышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык же өрт коопсуздугу боюнча чаралардын алкагында мамлекеттик өрт көзөмөлүн жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика иштерин өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биргеликте жүргүзө алышат.
3. Органдар жана кызмат адамдары
3.1. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары жана кызмат адамдары
8. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрттү көзөмөлдөө башкармалыгы (мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык органы);
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын региондук башкармалыктары (мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн аймактык органдары);
9. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Өрт көзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектор;
б) өрт көзөмөлү боюнча улук мамлекеттик инспекторлор;
в) өрт көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекторлор.
10. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын формалык кийими жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү болот.
11. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик мекемелер өз карамагындагы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан токой жана тоо массивдеринде, улуттук коопсуздук, коргоо, жаза-аткаруу системасы, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо, токой жана аңчылык чарбаларын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын объекттеринде, жер астындагы шахталарда, тоо кендик иштетүүлөрдө жана башка жер алдындагы курулмаларда, деңиз кемесинде жана авиацияда, темир жол объекттеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, чет өлкөлөрдүн консулдук жана дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана эл аралык уюмдарда, турак жай фондунда өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин тизмесин аныкташат.
3.2. Өрткө каршы мамлекеттик профилактика органдары жана кызмат адамдары
12. Төмөнкүлөр өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп эсептелет:
а) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мамлекеттик өрткө каршы профилактика боюнча республикалык орган);
б) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана шаардык башкармалыктары, шаардык жана райондук бөлүмдөрү (мамлекеттик өрткө каршы профилактика боюнча аймактык органдар).
13. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы мамлекеттик профилактикалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу бардык кызмат адамдары өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары болуп эсептелет.
4. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын функциялары
4.1. Мамлекеттик өрт көзөмөлү боюнча функциялар
14. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда төмөнкү функцияларды аткарат:
а) юридикалык, жеке жактар, кызмат адамдары тарабынан өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын контролдоо;
б) белгиленген формадагы актыларды түзүү менен өрттү аныктоо жана өчүрүү, өрт жөнүндө кабарлоо, түтүндү сыртка чыгаруу шаймандарын жана башка өрткө каршы коргонуу системаларын пайдаланууга кабыл алуу;
в) дан эгиндерин жыйноо жана тоют даярдоо мезгилинде алгачкы өрт өчүрүү шаймандары менен камсыз болгондугуна белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу карточкасын түзүү менен айыл чарба машиналарынын өрт коопсуздугунун абалын күбөлөндүрүү;
г) белгиленген формадагы тиешелүү актыны тариздөө менен өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын контролдоо жана текшерүү;
д) өрт коопсуздугуна тиешелүү болгон маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
е) республиканын ишканаларынын, уюмдарынын, мекемелеринин шаарларынын жана конуштарынын өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;
ж) зарыл учурда кызыкдар болгон уюмдардын катышуусу менен имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын даярдоо;
з) калкты объекттердин жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугунун абалы тууралуу маалымдоо;
и) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультациялык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү.
4.2. Өрткө каршы мамлекеттик профилактика боюнча функциялар
15. Өрттүн профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда төмөнкү функцияларды аткарат:
а) өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы укук-ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү;
б) ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, шаарлардын жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу;
в) зарыл учурда имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана пайдаланууда кызыкдар уюмдардын катышуусу менен өрт коопсуздугунун талаптарын иштеп чыгуу;
г) корутунду берүү менен жаңы курулуш үчүн аянтчаны (трассаларды) тандоо боюнча жумушчу комиссиялардын ишине катышуу;
д) архитектуралык-пландоочу башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) шаар курулуш кеңештеринин жана курулуш-архитектура иштери боюнча уюмдарынын ишине катышуу;
е) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөргө жана изденүүлөргө катышуу;
ж) өрткө каршы агитациялоо жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү;
з) белгиленген үлгүдөгү тиешелүү корутунду берүү менен курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтерине өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өрт боюнча иштерди териштирүү жана алгачкы тергөө иштерин жүргүзүү;
к) өрт кырсыктарын жана анын кесепеттерин эсепке алуу;
л) ыктыярдуу өрт түзүмдөрүнүн арасында конкурстарды өткөрүү;
м) объекттердин жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугунун абалы тууралуу калкка маалымдоо;
н) жайларды, имараттарды, курулмаларды, түзүлмөлөрдү жана агрегаттарды автоматташтырылган өрттөн жана күйгөн заттардан сактоочу каражаттарды жана системаларды киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
о) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоого, орнотууга, иштетүүгө жана оңдоого, жыгач конструкцияларын жана күйүүчү театралдык экспозиция жабдууларын өрттөн коргоочу каражаттар менен иштетүүгө лицензия берүү;
п) коргоо объекттеринин иштешине карата өрт коопсуздугунун талаптары боюнча корутунду берүү;
р) өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун макулдашуу;
с) өрт-профилактикалык иштерди жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн сактоо бөлүмдөрүнө жана уюмдарына жардам көрсөтүү;
т) ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өрт коопсуздугунун чараларын иштеп чыгууда жана өрт коопсуздугунун талаптары боюнча жумушчуларды, кызматкерлерди жана окуучуларды окутууда методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Өрт-техникалык текшерүү жана аны аткаруу тартиби
16. Өрт-техникалык текшерүү өрттүн алдын алууга, өрттүн жайылып кетишин токтотуу үчүн шарттарды түзүүгө, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү эвакуациялоого, өрттү өз убагында аныктоого, өрт өчүрүү, профилактикалоо жана авариялык куткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды тез арада чакырууга багытталган өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын контролдоо максатында жүргүзүлөт.
Өрт-техникалык текшерүү объектинин жетекчисинин же администрациянын башка компетенттүү өкүлүнүн катышуусунда өткөрүлөт жана объекттин кадимкидей иштешине жолтоо болбоого тийиш.
17. Ишкердик субъекттердин өрт-техникалык текшерүүсү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлөт.
18. Ишкердик субъекттердин категориясына кирбеген коргоо объекттеринин өрт-техникалык текшерүүсү өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарга, ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү буйруктарына, тескемелерине жана пландарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Өрттү жана анын кесепеттерин эсепке алуу
19. Өрттү жана анын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
20. Өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өрткө талдоо жана өрт кырдаалына ыкчам байкоолорду жүргүзүп турат.
Иш планына киргизүү үчүн өрттүн алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу менен өрткө талдоо аяктайт.
21. Өрттү талдоонун жыйынтыгы жана өрттүн ыкчам кырдаалы элге, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирилип турат.
22. Өрт жана анын кесепеттери жөнүндө маалыматтар өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипте берилет.
7. Өрттү алгачкы текшерүү жана териштирүү
23. Өрттү алгачкы текшерүү жана териштирүү өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
24. Алгачкы текшерүү органдары чогулган материалдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрүп берүү менен чыккан өрттүн издерин сактоо боюнча шашылыш чараларды көрүшөт.
25. Өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
а) өрт жөнүндө актыны, өрт болгон жерди кароо протоколун түзүү менен өрт чыккан жерди өз убагында изилдейт;
б) өрттү көргөн адамдарды жана күбөлөрдү сурамжылайт;
в) зарыл учурда өрттүн жагдайын аныктоо үчүн өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өрт сыноочу лабораториясын ишке тартат;
г) кылмыш курамы же атайын өрттөөнү далилдөөчү материалдар табылган учурда чогулган материалдарды жазык иштери жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу тергөө органдарына өткөрөт.
Өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарууга жооптуу адамдын эрежелерди бузгандыгынан улам, өрттүн чыгышын далилдөөчү материалдар табылган учурда чогулган материалдарды өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрөт.
д) өз компетенциясынын чегинде иштеген прокурорго же тергөөчүгө сураган (талап кылган) маалыматтарды жана материалдарды берет;
е) ай сайын ички иштер органдарынан өрт боюнча кайтарылган кылмыш материалдары тууралуу маалыматтарды сурайт жана аларды эсепке алат;
ж) ай сайын жергиликтүү күйүк-жараат борборунан (бөлүмүнөн) өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат алат жана бул фактылар боюнча териштирүү жүргүзөт;
з) өрт жана анын кесепетинен жабыркагандар тууралуу иштерди талдайт, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине маалымат берет.
8. Өрткө каршы пропаганда
26. Өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпыга маалымдоо каражаттарына өрт коопсуздугунун маселелери боюнча берүүлөрдү жана чыгарылыштарды уюштурууну камсыздайт.
Өрт кооптуулугу күчөгөн мезгилдин келишине, айыл чарба иш-чараларына, жаңы жылдык жана башка майрамдарга, эл көп чогулган салтанаттарга байланышкан өрт коопсуздугун камсыздоо маселелери, ошондой эле турмуш-тиричилик шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугунун чаралары берүүлөрдүн жана чыгарылыштардын милдеттүү тематикасы болууга тийиш.
27. Өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар болгон уюмдар менен биргеликте жумушчуларды жана кызматчыларды иштеген жеринде өрт коопсуздугунун эрежелерине окутуу иштерин уюштурат. Мамлекеттик билим берүүнү башкаруу органдары, мектепке чейинки, мектеп, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын администрациясы менен биргеликте балдарга жана окуучуларга өрт коопсуздугунун чараларына окутууну уюштурат, бул иште аларга методикалык жардам көрсөтөт, жаш өрт өчүрүүчүлөр дружинасынын ишин жана алардын арасында мелдештерди өткөрүүнү уюштурат.
28. Мамлекеттик билим берүүнү башкаруу органдары, мектепке чейинки, мектеп, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын администрациясы окуу пландарына өрт коопсуздугунун чараларына окутуу боюнча программаларды киргизүүгө милдеттүү.
29. Өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуу максатында өрт коопсуздугу жаатында агитациялоо жана пропагандалоо үчүн окуу китептери жана плакаттар, буклеттер, брошюралар түрүндө агитациялоо продукциясын басып чыгарат жана таратат.
9. Өрт-техникалык экспертиза
30. Долбоордук документтердин өрт-техникалык экспертизасы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
31. Коргоо объекттеринин жана өрткө каршы коргоо системаларынын долбоордук документтеринин өрт-техникалык экспертизасы коргоо объекттерин долбоорлоодо "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
32. Жер астында бирден ашык кабаттуу, өтө татаал жана уникалдуу пландалган, ошондой эле 50 метрден жогору бийиктиктеги имараты менен долбоорлонуп жаткан коргоо объекттери өрткө каршы айрылыштарды жана жолдорду иш жүзүндө өлчөө үчүн жерине чыгуу менен комиссиянын курамында каралууга тийиш.
33. Коргоо объекттеринин долбоордук документтери өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген учурда арыз ээсине өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген үлгүдө оң корутунду берилет.
Өрткө каршы ченемдердин талаптарынан четтеп, долбоордук документтерди кайра иштеп чыгуу зарыл болгон учурда аныкталган бузууларды жоюу үчүн долбоордук документтер арыз ээсине кайтарылып берилет. Арыз ээлеринин кепилдик милдеттенмелери өрт-техникалык экспертизанын оң корутундусун берүүгө негиз боло албайт.
34. Өрт-техникалык экспертизаны жүргүзүүгө арыз (расмий кайрылуу) курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксат берүү документтери үчүн керектүү болгон кошумча корутунду алуу максатында башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүнү караштырган долбоорлоо-сметалык документтерди кабыл алуу порталы аркылуу жиберилет.
35. Өрт коопсуздугунун талаптары коюлбаган объекттерде өрт-техникалык экспертиза өткөрүлбөйт. Мындай объекттерге бетондон же күйбөгөн курулуш материалдарынан тургузулган коргоочу курулмалар, көпүрөлөр, автомобиль жана темир жолдор, суу объекттери (сууну тазалоочу курулмалар, суу чыгаргычтар, суу сактагычтар ж.б.), суу жээктерин бекемдөөчү курулмалар, калдык сактагычтар, монументтер жана эстеликтер, электр линиялары жана уюлдук байланыштын базалык станциясынын мунаралары кирет.
36. Эгерде имаратты тургузуу, объектке баруучу, кирүүчү жолдорду куруу, имараттын капталын же дубалын, ошондой эле мурдагы бийиктигин сактоо менен (28 метрге чейин же андан бийик) долбоорлонуучу объекттин кабаттуулугун азайтуу же көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр (корректуралар) киргизилбесе, өрт-техникалык экспертиза бир эле объект боюнча кайталап өткөрүлбөйт.
37. Өрт-техникалык экспертиза долбоордук документтердин төмөнкү бөлүмдөрүнө жүргүзүлөт: башкы план, архитектуралык бөлүк, конструктивдик бөлүмдөр, сырткы жана ички тармактар (суу менен жабдуу, газификация, электр энергиясы менен жабдуу, жылуулук берүү булактары), желдетүү жана түтүндү сыртка чыгаруу, автоматташтырылган өрт сигнализация жана өрт өчүрүү системалары, архитектуралык-пландоо шарттары, өрт өчүрүүгө керектүү күч жана каражаттардын эсеби жана авариялык-куткаруу иштерин өткөрүү, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралардын бөлүмү.
38. Өрт-техникалык экспертизаны өткөрүүгө түшкөн долбоордук документтер жергиликтүү архитектура органдары менен макулдашылууга тийиш. Долбоорду кароо процессинде оңдолуучу бөлүмдөр менен схемалар кайра иштелип жана башкы архитектор тарабынан бекитилгенден кийин гана каралат. Долбоордук документтерде аныкталган бузууларды кийинчерээк жоюу боюнча арыз ээлеринин кепилдик милдеттенмелери өрт-техникалык экспертизаны өткөрүү баскычында эске алынбайт.
39. "Башкы план" жана "Архитектуралык чечимдер" долбоордук документтердин белгиленген тартипте бекитилген бир нускасы (оңдолгондон жана кайра иштелип чыккандан кийин) архивде сактоо үчүн өрт-техникалык экспертиза жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органга берилет.
40. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Көлөмдүү жана татаал объекттер долбоорлонгон учурда өрт-техникалык экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү арыз ээсин талаптагыдай маалымдоо менен дагы 14 жумуш күнгө узартылышы мүмкүн.
41. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза ушул Жобонун 36-пунктунда аталган бардык бөлүмдөр болгон учурда гана жүргүзүлөт. Ушул Жобонун 37-пунктунда аталган айрым бөлүмдөрдүн жоктугу "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн экспертизага оң корутунду берүүдөн баш тартууга себеп болот.
10. Кызмат адамдарынын жама жарандардын жоопкерчилиги
42. Менчиктин түрүнө карабастан коргоо объекттериндеги жана турак жай секторундагы өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
43. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бузуулар, аларга жүктөлгөн көзөмөлдөө функцияларын жана өрттү профилактикалоо функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле берилген укуктарды ак ниетсиз колдонгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.
11. Профилактикалоо иш-чараларын жүргүзүү тартиби жана документтер
44. Өрт-техникалык текшерүүнү жүргүзүү, өрттү аныктоо жана өчүрүү автоматташтырылган системасын пайдаланууга кабыл алуу, долбоордук чечимдерге шайкештигин текшерүү тартиби, ошондой эле документтер өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук буйруктары менен бекитилет.
45. Өрт-техникалык текшерүүнү жүргүзүү, өрттү алгачкы текшерүү жана эсепке алуу, өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, орнотуу, иштетүү жана оңдоо, жыгач конструкцияларын жана күйүүчү театралдык экспозиция жабдууларын өрттөн коргоочу каражаттар менен иштетүү тартиби, ошондой эле документтер өрттү профилактикалоо жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук буйруктары менен бекитилет.