Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 02
Кара-Ой айыл аймагында “Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгаруу жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну” ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн , иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси №1 тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелеүү токтомдун аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “Социалдык, экономикалык, маданий тармактарды өнүктүрүү, калкка кызмат көрсөтүү, жаштар саясаты, пенсия, пособие, жеңилдиктер, илим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү, улуттук каада салтты өрчүтүү, миграция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов
XXVIII – чакырылышынын кезектеги
жыйырма биринчи сессиясы
Кара-Ой айылдык Кенешинин
23.12.2022-жылдын №02 токтомуна №1тиркеме
№ | Кызматтын/фунциянын/милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
1. Кызматтар | ||
1.1 | Жеке юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
1.2 | Курулуш таштандыларын чыгаруу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2. Функциялар | ||
2.1 | Кара-Ой айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн иш-аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.2 | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.3. | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.4 | Кара-Ой айыл өкмөтүнүн жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.5 | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.6 | ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын женилдетилген категорияларын аныктоо | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.7 | ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.8 | ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.9 | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
2.10 | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
3. Милдеттер | ||
3.1 | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |
3.2 | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөтү ТЖКЧжЖТК тутуму |