Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 01
Кара-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө
Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө, “Кара-Ой айыл аймагында үй бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча элдик чогулушунун 2022-жылдын 17-мартындагы №2 протоколун, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартибинин жобосун №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме 4 баракта)
2. Кара-Ой айыл аймагында, маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатууда) өткөрүүдө, “Кара-Ой айыл аймагында бир бодо малга чейин союлсун.
3. Үчүлүк, жетилик, кыркылык, аш берүүнүн ордуна курман болгон адамга куран гана окутулсун жана дасторконго боорсок, кант, сары май, таттуулар (конфет, песченье) жана кургак жемиштер гана коюлсун.
4. Маркумду акыркы сапарга узатууда баштыктар (конфет, печенье, нан, чай, кант ж.б.у.с.) алынып келинбесин жана үй ээси тарабынан дагы баштык берилбесин.
5. Үйлѳнүү үлпѳт тойлорунда жаштардын кортежи жоюлсун жана түштѳндүрүү тамагы кыскартылсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин “Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу” жана “Социалдык, экономикалык, маданий тармактарды өнүктүрүү, калкка кызмат көрсөтүү, жаштар саясаты, пенсия, пособие, жеңилдиктер, илим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү, улуттук каада салтты өрчүтүү, миграция маселелери” боюнча комиссияларына тапшырылсын.
7. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов
Тиркеме №1
БЕКИТИЛДИ
Кара-Ой айылдык Кенешинин
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын
кезексиз онунчу сессиясынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №01 токтому
Кара-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор;
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;
4. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби;
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары;
5.1 Жергиликтүү комиссия;
5.2 Райондук комиссия;
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1.Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ№54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты шаарда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, ысырапкерчиликке, маркум ээсин мажбурлоо, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата салтына терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Кара-Ой айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жана массалык маалымат каражаттарына (интернет булактарына) жарыяланат. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3 Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жана массалык маалымат каражаттарына (интернет булактарына) жарыяланат.
2.4. Жобого кызыккан жарандарга Кара-Ой айыл өкмөтү, Кара-Ой айылдык Кеңеши тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, аны түштѳндүрүү, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Кара-Ой айыл аймагында жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, куран окутуу) өткөрүүдө бир бодо малга чейин союлат.
4.2. Маркумду эске алуу ырым-жырымдары бир бодо мал союуну эсепке албаганда Кара-Ой айыл аймагында жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештиришет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия Кара-Ой айыл өкмөтүндө, түзүлѳт. Анын курамына Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн, Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттары, маданият мекемесинин ардагерлери, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, райондук ички иштер башкармалыгынын, жергиликтүү коомчулуктун ѳкүлдѳрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл ѳкмѳтүн башчысынын, буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчѳлѳрү маркумду эске алуу ырым-жырымы ѳткѳрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзѳт, маркум ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жѳнүндѳ журналга каттоо жүргүзѳт (же акт түзѳт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) кѳрѳт.
5.2. Райондук комиссия
5.2.1. Райондук комиссия, райондук мамлекеттик администрациясында түзүлѳт. Анын курамына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, администрациянын кызматкерлери, райондук ички иштер башкармалыгынын, маданият бѳлүмүнүн, билим берүү бѳлүмүнүн, кесиптик кошуундардын, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун кеңешинин, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, ж.б. ѳкүлдѳрү кирет. Райондук комиссия райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тескемеси менен бекитилет.
5.2.2. Райондук комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт, үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзѳт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жѳнүндѳ журналга каттоо жүргүзѳт, комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) кѳрѳт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара кѳрүү үчүн облустук комиссияга сунуш киргизет.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кара-Ой айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымын ѳткѳрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын, шаардын ички мыйзамдарына жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын ѳлчѳмдѳрү, салынган айыптарды тѳлѳѳ мѳѳнѳтү жана тартиби каралат.