Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 03
Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун 2022-жылдын 25-февралындагы №02 протоколунун жана ТЖКЧжЖТК тутумунун директору М.Абдыкадыровдун сураныч катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына камсыздалган ичүүчү таза суунун тарифи 2022-жылдын март айынан баштап тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
· Айына 1 адамга 35 (отуз беш) сом;
· Шланг менен сугарууга айына 500 (беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов