Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 11-августу № 01
«Айкѳл» наамына сунуштоо жѳнүндѳ
Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 04.08.2022-жылдагы №01-16/1868 катын Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагында, 2022-жылга карата, айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан ѳсүп ѳнүгүүсүнѳ айылдын, элдин, Кыргыз Республикасынын алдында коомдук иштерине кошкон зор салымы үчүн, Кара-Ой айыл аймагынын тургуну, Амантуров Жапар Асановичти, Ысык-Кѳл районунун «Айкѳл» наамын ыйгарууга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов