Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
2022-жылдын 23-майы № 02
Жаӊы конушка К.Медетбаевдин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар» жѳнүндѳ мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана айыл тургуну Р.Дүйшѳбаевдин Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын «Жүзүм» жаны конушунун Долбоорлонуучу-кѳчѳсүнѳ, Кара-Ой айылынын тургуну, эмгеги чинген атуул Канагат Медетбаевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов