Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 13
Экскаватор техникасын алууга акча каражатын которуп берүү жѳнүндѳ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кенешинин кезектеги жетинчи сессиясынын 2022-жылдын 14-декабрындагы №14 токтомуна ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ каршатуу «Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна, Айыл Банк» ААК аркылуу лизингке JSB үлгүсүндѳгү Экскаватор техникасын алуу үчүн, жалпы суммасы 7735000 (жети миллион жети жүз отуз беш мин) сомдун 30 пайызы 2320500 (эки миллион үч жүз жыйырма миң беш жүз) сом жана камсыздандырууга 128473 (бир жүз жыйырма сегиз мин тѳрт жүз жетимиш үч) сом, баардыгы, 2448973(эки миллион тѳрт жүз кырк сегиз мин тогуз жүз жетиитмиш үч) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, салык маселелери боюнча тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов