Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 05
Мал жандыктардын жайытка болгон тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун 2022-жылдын 25-февралындагы №02 протоколунун жана Жайыт Комитетинин тѳрагасы А.Ишаевдин жазган сураныч катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы мал жандыктарынын жайытка болгон, чабандар тарабынан кайтарылган акы тарифи, 2022-жылдын март айынан баштап тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
Кой башына 70 (жетимиш) сом, уй башына-500(беш жүз) сом, жылкы башына 500(беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. 2022-жылдын 20-мартынан баштап малдарды айдоо аянтына жаюуга тыйуу салынсын.
3.Айдоо аянтына жайылган малдын ээсине 7500 (жети мин беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынсын.
4.2022-жылдын 20-майында малдар жайлоого чыгарылсын, ал эми 20-сентябрында жайлоодон малдар түшсүн жана 01-октябрьга чейин айдоо аянттарына малдарды жайууга тыйуу салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов