КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 10-февралы № 02
Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына кошумча акча-каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын, 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ мыйзамынын, 5-главасынын 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергияга болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын жана айыл ѳкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык кенеши токтом кылат:
1.Кара-Ой ѳкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдетинен тышкары аткарган иштери үчүн эмгек акыларына 30 % өлчөмүнѳ чейин кошумча акча каражаты кошуп берүү жагы бекитилсин.
2.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын контролго алуу жагы, Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго жана ФЭБнүн башчысы А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Дж.Ильязов