Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 1
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшү жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021- жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын сметасын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарын киреше булактары 23765,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 23765,2 миң сомго бекитилсин.
2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга атайын төлөм каражаттарын сметасынын киреше булактары 2200,0 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 2200,0 миң сомго бекитилсин.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |