Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 2
Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын Х.Исаев атындагы № 42- негизги мектеби жана А.Атамов атындагы № 12- жалпы билим берүүчу орто мектебинин жардамчы кожолук катары пайдаланып келе жаткан жерин мыйзамдаштырып берүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Баястан айылындагы “Х. Исаев” атындагы № 42- негизги мектебинин 0,45 га жана А.Атамов атындагы № 12- жалпы билим берүүчү орто мектебинин 0,75 га жер аянтын мыйзамдаштырып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы “Х. Исаев” атындагы № 42- негизги мектеби жардамчы кожолук катары пайдаланып келген “Капчыгай” участкасындагы 0,45 га жер аянты жана “А. Атамов” атындагы № 12- жалпы билим берүүчу орто мектебинин 0,75 га жер аянты атайын келишимдин негизинде мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияснан жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин жер маселелер боюнча турукту комиссиянын төрагасы Д.Мадхоликовго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |