Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 3
Ак- Коргон айылаймагына караштуу Ак-Коргон айылында жайгашкан эс алуу багындагы “Жергиликтүү деңээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долборууна” колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылындагы сейил багында эс алуу жана бош убакыттарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу, Швецария Өкмөтү тарабынанШвецариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгыаркылуу каржыланып Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртүү” долборунун алкагында Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылындагы сейил багында эс алуу жана бош убакыттарды көңүлдүү өткөрүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долборуна Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом өздүк салым катары ажыратып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |