Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 5
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы № 7 ҮДТ нүн имаратын ремонттоо чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессия Баястан айылындагы № 7- ҮДТ нүн жетекчиси Ф.Имомназарованын жазган арызын карап чыгып , элди медициналык тейлөө сапатын жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында жайгашкан № 7- ҮДТ нүн имаратынын бөлмөлөрүн косметикалык ремонттоо үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |