Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 6
Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын Р.Носирова көчөсүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Баястан айылындагы Р.Носирова көчөсүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында жайгашкан Р.Носирова көчөсүнүн түргүндарын таза суу менен камсыз кылып турган скважынанын ЭЦВ-12*65*100 маркасындагы насос сатып алуу үчүн 220 000 (эки жүз жигирма миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылөкмөтүнүн финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы жана экономикалыкк маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |