Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 7

Ак-Коргон айыл аймагы Баястан айылындаг”Набережная”көчөсүнөн өткөн “Пайпак- Сай” селканасына көпүрөкуруу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Баястан айылындагы “Набережная” көчөсүндөгү жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу,айыл-чарба техникаларынын арекеттенүүсү үчүн шарт жаратып берүү жана өзгөчө кырдалдардын алдын алуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын “Набережная” көчөсүнөн өткөн “Пайпак Сай” селканасына көпүрө куруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов