Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 8

Өзгөчө кырдалдардын алдын алуу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Ак-Коргон айыл аймагында өзгөчө кырдалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдалдар болгон учурда кесепеттерын жоюу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагында озгөчө кырдалдардын алдын алуу жана болтурбоо, өзгөчө кырдалдар болгон учурда Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов