Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 9

Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын А.Усубалиев көчөсүндөгү скважинанын техник абалын жакшыртуу жана тосмолоо чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Баястан айылындагы А.Усубалиев көчөсүндөгү жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу жана скважинанын техник жана санитардык абалын жакшыртуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагында Баястан айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде болгон скважинанын айланасын талаптарга ылайык тосмолоо жана 20 мм диаметр өлчөмүндөгү 300 ( үч жүз) метр пластикалык труба үчүн 90 000 (токсон миң) сом акча каражаты ажратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов