Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 10
Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында “Кичуу футбол аянтчасы” проектине каражат бөлүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңеши 27- чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Баястан айылындагы жаштардын бош убакыттарын мазмундуу өткөрү жана жаштар арасындагы терс адаттардын алдын алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Баястан айылында “Кичуу футбол аянтчасы” куруу доолборун ишке ашыруу үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |