Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 20-майы № 30
Зардалы айылындагы жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 “ Жерлерди которуу ( трансформациялоо ) жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомунун жетекчиликке алып, калкты жеке менчик турак-жай менен камсыздоо максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынан № 1000,1002 контурларда жайгашкан 21,0 га жер таштуу жайыт жер аянтын жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынын “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кнешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшыралсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж.Шадиманова |