Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 11
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын депутаты А.Курбанбаевдын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты А.Курбанбаевды 2020-жылдын сентябрь айынан баштап Падек айылынын айыл башчысы болуп дайындалгандыгы себептүү депутаттык мандатынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл кеңешинин катчысы А.Кадировга жүктөтүлсүн.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |