Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 13
Ак-Коргон айыл аймагынын “Ак-Коргон” чек ара заставасынын башчысы А. Абабакировдун аскердик автоунааларды жуучу апарат алуунун чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Ак-Коргон айыл аймагынын “Ак-Коргон” чек ара заставасынын башчысы А. Абабакировдун аскердик автоунааларды тазалоо үчүн атайын апараты жөнүндөгү арызын карап чыгып, чек ара заставасындагы автоунааларды аскердик даярдыкта болуушуна шарт жаратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүндөгү “Ак-Коргон” чек ара заставасынын аскердик автоунааларын жуучу STIHL RE 109 үлгүсүндөгү жана чаңдарын сордуруучу апараты сатып алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |