Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 14

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баястан айылынын Ч. Айтматов көчөсүнөн өткөн “Келте-Сай” селканасына көпүрө куруу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Баястан айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү жашоочуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба техникаларынын аракеттенүүсү үчүн шарт жаратып берүү максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Баястан айылынын Ч.Айтматов көчөсүн кесип өткөн “Келте-Сай”селканасына көпүрө куруу үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов.