АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 15
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Падек айылынын Т.Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кошумча имараты проекти үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштүү Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларына билим алуусу үчүн шарт жаратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүндөгү Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына кошумча 8 бөлмөлү имарат куруу проектине 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |