Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 16
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Падек айылындагы М.Зулпукаров №2 көчөсүнө чайкана проектисине каражат бөлүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Падек айылында жарандардын көңүлдүү эс алууларын уюштуруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүндөгү Падек айылындагы М.Зулпукаров көчөсүнө курулушу планданган чайкана проекти үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |