Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 17
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Падек айылындагы “Чолпон “ мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Г.Сартмамбетованын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Падек айылындагы “Чолпон” МЧББ нүн директору Г.Сартмамбетованын 30.12.2020- жылдагы арызын карап, кошумча эки тайпа ачылганын эсепке алып, бакча балдарынын тарбияланышы үчүн шарт жаратып берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүндөгү Падек айылындагы “Чолпон” МЧББ уюмунун кошумча эки бөлмөсү үчүн шкаф, кроват, төшөк, матрос, жаздык, эки комплекттен ак(белье), оюнчуктар, көргөзмө куралдар, стол жана стул, палас жана башка керектелүүчү буюмдар үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |