Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 18
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Падек айылынын М. Зулпукаров № 2 жана М. Сатыбалдиев көчөлөрүнүн скважинасынын проектине каражат бөлүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Падек айылындагы М.Зулпукаров № 2 жана М Сатыбалдиев көчөлөрүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Падек айылынын М.Зулпукаров №2 жана М.Сатыбалдиев көчөсүнүн бүтүшү, түштүк тарабына курулушу планданган скважинанын проекти үчүн 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |