Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 19
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Коргон АМБ нүн начальниги У.Нышановдун арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Ак-Коргон АМБ нүн начальниги милициянын майору У.Нышановдун 04.01.2021- жылдагы арызын карап чыгып, Ак-Коргон АМБ нүн кызматкерлерине шарт жаратып берүү максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштүү болгон Ак-Коргон АМБ нүн имаратынын биринчи кабатынын киребериш жерине нөөмөт бөлүмү үчүн жеке бөлмө, имараттын сырткы жана ички ремонтторүн жасоого 50 000 (элүү миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |