Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 20

Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы Сафед-Булан айылындагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылып турган “Чанач-Сай” суу сактагычынан келүүчү суу трубасынын башына дренаж жана сууду жабык тазалоого 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчаны тиешелүү документтерин тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтом расмый жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов.