Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 21
Ак-Коргон айыл аймагы Сафед-Булан айылындагы “Октябрь” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс окуучуларын ыссык тамакменен камсыз кылуу проектине каражат бөлүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы “Октябрь” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс окуучуларын ыссык тамак менен камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Сафед-Булан айылындагы “Октябрь” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс окуучуларын иссык тамак менен камсыз кылуу проектине 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештинтөрагасы: | М.Инамов. |