Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 23
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы борбордук көчөлөрдүн абалын жакшыртүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Сафед-Булан айылындагы мектеп жана бала бакчага алып баруучу айылдын борбордук көчөлөрүүнүн абалын жакшыртуу жана көчөнүн түнкү чырактарын оңдоо, мектеп окуучулары жана бала бакча балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Сафед-Булан айылындагы борбордук көчөлөрдүн абалын жакшыртуу жана түнкү чырактарды оңдоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештинтөрагасы: | М.Инамов. |