Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 25
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы “Техник” көчөсүнө мамы орноту чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Сафед-Булан айылындагы “Техник” көчөсүнүн жашоочуларын электр току менен камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Сафед-Булан айылындагы “Техник” көчөсүнө мамы жана электр зым тартуу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештинтөрагасы: | М.Инамов. |