Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 27
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед - Булан айылынын “Тепа Курган” көчөсүнө трансформатор орноту чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Сафед-Булан айылындагы “Тепа Курган” көчөсүнүн жашоочуларын электр энергиясына болгон талаптарын аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Сафед-Булан айылындагы “Тепа Курган” көчөсүнө” КТП 100” дук маркадагы трансформатор үчүн 140 000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештинтөрагасы: | М.Инамов. |