Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 28

Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Падек айылынын башчысы А.Курбанбаевдын арызын кароо жөнүндө

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Падек айылындагы окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол эрежелерин сактоо максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Падек айылынын № 9 “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен “Жолчуубек Ата” конушуна чейинки жолго жана М.Сатыбалдив көчөсүнө чейин окуучулар аракеттенүүсү үчүн тратуар курууга 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештинтөрагасы:

М.Инамов.