Редакцияот 08.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы

2021-жылдын 8-январы № 29

Ак-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Сафед-Булан айылынын башчысы А. Мелибаевдын арызын кароо чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Сафед-Булан айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын наамын түбөлүккө сактап калуу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Сафед-Булан айылындагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арнап орнотулган эстеликке айылдан согушта катышып курман болгон аталардын наамдарын мраморга жаздыруу үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештинтөрагасы:

М.Инамов.