Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 31
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында “Ч.Айтматов” атындагы көчөнү шагалдоо чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы Баястан айылындагы “Ч.Айтматов” көчөсүн шагалдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан Баястан айылындагы “Ч.Айтматов” көчөсүн шагалдоого 10 000 (он миң) сом акча каражат берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |